Кыргызстандагы бир нече айылдык кеңешке шайлоо күнү белгиленди

Кыргызстандагы бир нече айылдык кеңешке шайлоо күнү белгиленди

Президент Садыр Жапаров «Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган облустардагы айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Көк-Ой айылдык кеңештерине, Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек,  Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештерине, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешине, Ноокат районунун Исанов айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешине, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештерине, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешине, Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 2023-жылдын 9-апрелине, жекшембиге дайындалган.

Жарлыкка ылайык, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:

— жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун;

— убактылуу регламенттөө жана башка зарыл болгон чараларды көрүү менен аралыктан, электрондук добуш берүү формаларын, жабдуулардын модернизацияланган түрлөрүн колдонууну пилоттук режимде апробациялоо мүмкүнчүлүгүн карасын.

Министрлер Кабинети:

— шайлоону өткөрүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлсүн;

— шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;

— добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;

— пилоттук апробациялоо жөнүндө Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечимдерине ылайык шайлоочуларды идентификациялоо программаларын өркүндөтүү боюнча чараларды көрсүн;

— маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун камсыз кылууда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн.

Мындан тышкары, Нарын облусунун Жумгал районунун, Баткен облусунун Баткен районунун, Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Талас облусунун Кара-Буура районунун жана Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана тиешелүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда аталган кеңештердин документтеринин, материалдарынын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>