Бишкек абанын булганышы боюнча 20-орунду ээледиКыргызстан деңизге чыгууга жол ачты. Кыргызстан менен Пакистан дагы кандай документтерге кол койдуСаясат, экономика, энергетика: Жапаров менен Пакистандын премьер-министри кыргыз-пакистан кызматташтыгын талкуулашты“Росатом” 2026-жылы Кыргызстанда шамал электр станциясын курууну баштаганы жататКазакстанда 16 жашка чейинкилерге соцтармактарга катталууга тыюу салуу сунушталды. Бул мессенжерлерге тиешелүү эмесОш шаарына кошулган Жаңы-Маала айылында масштабдуу курулуштар башталат
Алмаз Сманбеков Азия чемпионатында күмүш алды
13.04.2023 | 18:39
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков (57 кг) Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатынын күмүш байгесин алды.
Ал бүгүн, 13-апрелде килем үстүнө чыкты. Биринчи кармашында пакистандык атаандашы беттешке чыкпагандыктан, жеңиш ага ыйгарылды. Ал эми чейрек финалда казакстандык балбан Рахат Калжанды 4:2 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда Сманбеков монголиялык Занабазар Занданбудду 8:6 эсебинде утуп алды.
Алтын үчүн беттеште ал индиялык Аман Аман менен күч сынашып, ага 9:4 эсебинде жеңилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз