Камчыбек Ташиев Баетов айылында спорт комплекси жана маданият борборунун курулушуна капсула салдыЧек арада стоматологиялык имплантаттарды мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулдуКыргызстанда тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган жаңы эл аралык долбоор ишке кирүүдөӨКМ: Өрт коопсуздугу ар бир жарандын жоопкерчилигиндеАКШ Орусиянын эки ири мунай ишканасын санкциялык тизмеге киргиздиӨлкөдө күйүүчү майдын запасы айдын аягына чейин жетет, баа 15%га чейин кымбатташы мүмкүн
Фарид Ниязовго Кылмыш кодексинин 7 беренеси боюнча айып тагылууда
17.01.2020 | 13:28
Президенттин аппаратынын мурунку жетекчисинин кызыкчылыгын коргогон жактоочулар Фарид Ниязовдун кайсыл беренелер боюнча айыпталып жатканын «24.kg» жазды.
Юристтердин айтымында, Фарид Ниязовго Кылмыш кодексинин 7 беренеси боюнча айып тагылууда. Кеп бийликти күч менен басып алууну уюштуруу, барымтага алуу, массалык башаламандыкты уюштуруу, кайсыл бир жактар менен сүйлөшүп алып куралдарды тартып алуу, тергөө органдарына карата зомбулук колдонуу, тергөөгө тоскоолдук кылуу, бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук колдонуу тууралуу болууда.
Алдын ала маалыматка ылайык, иш боюнча 12 киши айыпталуучу макамына ээ. Иш менен таанышып бүткөн соң Башкы прокуратурага жолдонуп, андан ары сотко өтөт.