Бишкекте милиция кызматкери кармалган жаранды аёосуз сабоого айыпталуудаТургунбек уулу менен Сулаймановдун ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖылмаюу жана бий: №33 автобустун «Жапайы айдоочусу» бишкектиктерге жагымдуу маанай тартуулайтБишкекте 8 өспүрүм дайынсыз жоголууда. Алардын алтоо балдар борборунун тарбиялануучуларыСтудент алмашуу, биргелешкен изилдөө жүргүзүү: Кыргызстан менен Кореянын ЖОЖдору кызматташатТаластагы күрөөкана мыйзамсыз тартып алынган мүлктөрдү ээлерине кайтарды
Футбол: Кыргызстандын Азия кубогундагы атаандаштары белгилүү болду
11.05.2023 | 18:06
Кыргызстандын футбол курамасынын Азия кубогундагы атаандаштары белгилүү болду.
Бүгүн, 11-майда Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө өткөн курамалардын арасында чүчү кулак тартылып, 24 команда төрттөн 6 тайпага бөлүндү.
Чүчү кулактын жыйынтыгы менен Кыргызстан Сауд Арабия, Таиланд жана Омандын курамалары менен F тайпасына жайгашты.
Эскерте кетсек, Азия кубогу 2024-жылы 12-январдан 10-февралга чейин Катарда өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз