Жалал-Абадда 47 жаштагы Сергей Белов дайынсыз болууда

Жалал-Абадда 47 жаштагы Сергей Белов дайынсыз болууда

Жалал-Абаддын Сузак районунун Ынтымак айылынын тургуну Сергей Белов изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 47 жаштагы Сергей Белов быйыл 24-мартта болжол менен саат 11:30да үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда Беловдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 190-195 см, кашы, чачы сары, көзү көк, арык дене түзүлүштө, психикалык жактан жабыркайт, мурдунун үстүндө тырыгы бар.

Кийген кийими: Башында кара түстөгү шапка, үстүндө кызыл түстөгү куртка, аскердик шым, кара түстөгү кроссовка кийип жүргөн.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Сергей Белов тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 102, (03722) 5 28 31, 0777 63 63 13, 0999 63 03 03 номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>