Таласта тигүү цехин курууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген

Таласта тигүү цехин курууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген

Талас шаарынын мэриясынын жана облустук өнүктүрүү фондунун жооптуу кызмат адамдары тигүү фабрикасын курууда мыйзамдарды бузган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан тигүү фабрикасын куруу үчүн атайылап пайдасыз келишим түзүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы Байкоочу кеңеш шаарда тигүү фабрикасын куруунун долбоордук-сметалык документтери жана максатка ылайыктуулугу боюнча корутундулары жок, жалпы суммасы 82 млн. сомдук долбоорду мыйзамсыз жактырып, долбоордун иш жүзүндөгү наркын жасалма түрдө жогорулатып бекитип бергендиги аныкталган.

Анын бир бөлүгү, 25 млн. сом “Ника KG” ЖЧК курулуш уюмунун эсебине мөөнөтүнөн мурда которулуп берилгени аныкталган. Тигүү фабрикасын куруунун алгачкы этабында эле мамлекетке 7 млн. сомдук зыян келтирилген.

Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>