Кытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылатОш – Кашкар багыты боюнча түз авиакаттам ачылдыКыргызстандын агроэкспортунун үлүшү бир жылда 8,8%дан 13,3%га өстү
Жээнбек Кулубаев Монголияга расмий сапар менен барды
30.05.2023 | 09:00
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монголияга расмий сапары менен барды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Расмий сапардын алкагында Кулубаев Монголиянын тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэг жана президент Ухнаагийн Хурелсух менен жолугушуусу пландалган.
Кыргызстандын делегациясынын курамында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов бар.
Кулубаев Монголияга Батмунхийн Батцэцэгдин чакыруусу менен барган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом