Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө эс алып жаткан жарандардын коопсуздугун камсыздоо иш-чараларын күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
«Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды», — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин, Чолпон-Атада моторлуу кайыктын айдоочусу (скутер) үч адамды коюп кетип, экөө каза болгону маалымдалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз