Кыргызстанда былтыркыга караганда адам өлүмүнүн саны төмөндөдү

Кыргызстанда былтыркыга караганда адам өлүмүнүн саны төмөндөдү

Саламаттык сактоо министри 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. Анда министр Гүлнара Баатырова баяндама жасап, статистикалык көрсөткүчтөргө токтолгон. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлайт.

«Республикада калктын өлүмүнүн жалпы көрсөткүчү Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча өткөн жылга салыштырмалуу 12,0 пайызга төмөндөгөн. Ал эми республика боюнча ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчүнүн 1,3 пайызга төмөндөгөн. Энелердин өлүмүнүн деңгээли былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дагы азайган. Министр Гүлнара Баатырова республиканын калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында министрдин орун басарларына, ведомстволук уюмдардын жетекчилерине жана башкармалыктардын башчыларына бир катар тапшырмаларды берди», — деп жазылат маалыматта. 

Ошондой эле жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов катышып, өз сөзүндө үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпы өлүм көрсөткүчүнүн азайышын, ымыркайлардын жана энелердин өлүмүнүн азайгандыгын баса белгилеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>