Пакистан Ооганстанга абадан сокку урду: Кабул 9 адам каза болгонун билдирдиСпортчу айым Айсулуу Тыныбекова тасмага тартылуудаФСБ нацисттердин мыкаачылыгын Нюрнбергде ашкерелөөгө жардам берген документтерди жарыяладыКочкор районунда мыйзамсыз атылган тоо эчкинин улагы табылдыДепутат инсульттан кийин кароого муктаж болгон карылардын жакындарына маяна төлөөнү сунуштадыБишкек — Балыкчы поезди 3 жана 4-октябрда кошумча каттамдарды аткарат
Экс-министр Динара Кутманова 9-августка чейин камакка алынды
25.07.2023 | 17:46
Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова 9-августка чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн келтирген өтүнүчү менен Биринчи Май райондук соту 24-июлда ушул жылдын 9-августуна чейин Динара Кутманованы УКМКнын СИЗОсуна камакка алган.
Буга чейин, Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигиндеги бир катар коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, шыктандыруучу жана башкы уюштуруучу катары кармалганын УКМК билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом