«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Милиционер кызга ыдык көрсөткөнгө аракет кылган деп шектелүүдө
01.08.2023 | 10:28
Бишкекте милиция кызматкери аялдамада кызга ыдык көрсөткөнгө аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, арыз 28-июлда келип түшкөн. Анда арыз ээси ошол күнү саат 18:00 чамасында кызматкер Жибек жолу жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада ыдык көрсөтүүгө аракет кылган деп жазган.
Бул факты аталган райондо каттоого алынып, 34 жаштагы Ж.У. аттуу жаран милиция бөлүмүнө алып келинип, суракка алынган.
Материалдар Свердлов райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал