Кочкордо жылына 720 миң бут кийим тиккен ишкана ачылды

Кочкордо жылына 720 миң бут кийим тиккен ишкана ачылды

Кечээ, 31-июлда Нарын облусунун Кочкор районунда «Жибек Жолу» бут кийим чыгаруучу ишканасы ачылды. Бул тууралуу облустагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, ишкана кытайлык инвесторлордун жардамы менен ачылган. Учурда ал жерде 63 адам иштеп жатат. Алардын ичинен 17си кытай мастерлери болсо, калган 46 жумушчу жергиликтүү тургундар.

Азыркы тапта ишкананын 1 линиясы иштеп, күнүнө 2000 жуп бут кийим тигилүүдө.

«Ишкана бир айда болжол менен 60 миң, бир жылда 720 миң жуп бут кийим өндүрө алат», — деп айтылат маалыматта.

Ишкананын 2-3-линияларын жыл аягына чейин ишке киргизүү пландалууда. Андан кийин ишканадагы жумуш орундарын 2-3 эсеге көбөйтүү каралган.

Белгилүү болгондой, кытайлык инвесторлор ишканага 2 млн доллар түз инвестиция салат. Ремонт жана товар жүгүртүү иштерине 500 миң доллар жумшалары пландалган.

Бут кийим тигүү үчүн чийки зат Кытайдан алынып келип, продукция Россияга экспорттолот.

Маалыматка караганда, ишканадагы жумушчулар күнүнө 1 миң сом айлык алат, андан тышкары, тамак-аш берилет.

Салык кызматынын Кочкор райондук бөлүмүнүн башчысы Нурлан Абакиров билдиргендей, ишкана айына болжол менен 150 миң сомдун тегерегинде киреше салыгын төлөйт. Ошондой эле социалдык фондго төлөмдөр түшөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>