Бишкекте киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү чаралары талкууланды90 млн сом зыян — Туризм фондунун чиновниктери каражатты максатсыз короткон деп шектелүүдөБишкек — Ош багытындагы билеттер 8 820 сомдон 7 600 сомго чейин арзандадыКыргызстан менен Палестина инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарКР Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Астанадагы саммитте балдардын ден соолугун жана БА аймагындагы медицинаны талкууладыБишкектин жеке мектептеринде окуу алдыңкы ЖОЖдорго караганда бир нече эсе кымбат экени белгилүү болду
Өзбекстанда мекендешин 158 миң $ алдап кеткен адам Оштон кармалды
02.08.2023 | 17:53
Өзбекстанда мекендешин 158 миң долларга алдап кеткен делип издөөгө алынган жаран Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү 41 жаштагы П.Ф. аттуу Өзбекстандын жараны. Ал 2022-жылы 21-октябрда мекендешине курулуш иштери үчүн арматура алып берем деп 158 миң доллар алып, изин жашыпы кеткен.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү издөөгө алынган.
Издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны Ош шаарынан милиция тарабынан колго түшүрүлгөн. Учурда аны Өзбекстанга өткөрүп берүү маселеси каралууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз