БШК Жаныбек Абировду талапкер катары каттоодон баш тартты

БШК Жаныбек Абировду талапкер катары каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы депутат Жаныбек Абировду Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн талапкер катары каттоодон баш тартты.

Мындай чечим бүгүн, 2-августта БШКнын отурумунда кабыл алынды. Ага Абировдун мандатын тапшырып, анын айынан Ленин районунда кайра шайлоолор өткөрүлүп жатканы негиз болгону айтылды.

Жыйында БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров Абиров өз каалоосу менен мандатын тапшырганын, андан кийин өткөрүлгөн шайлоого катышпаганын айтып (шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган), эми экинчи ирет өткөрүлүп жаткан кайра «шайлоого катышууга укугу бар» деп эсептей турганын билдирди.

Эскерте кетсек, Абиров депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүп, БШКга 28-июлда арыз жазган. Аны талапкер катары каттоо маселеси БШКнын жумушчу тобу карай турганы кабарланган.

Маалыматка караганда, Абиров БШКга арызды бүгүн, 28-июлда калтырган. Ал «Строй Ленд» компаниясынын директору болуп саналат.

Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Аны өткөрүүгө бюджеттен 13 млн 208,8 миң сом кетет.

Быйыл 28-майда Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өткөн. Бул шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлгөн. 27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

28-майда өткөн шайлоодо Дамира Ниязалиева эң көп добуш алган. Бирок ал добуш сатып алууга шектелип, анын талапкер катары каттоосу жокко чыгарылган. Ошондой эле, аталган шайлоодо экинчи орунду алган талапкер Улан Сариев да добуш сатып алууга шектелип жатканы кабарланган. Добуш сатып алуу фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон.

БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, Ленин районунда кайра шайлоо өтө турган болгон.

Жокко чыгарылган шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 18,5 млн сом жумшалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>