Бишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирди
Өзбекстанда мекендешин 158 миң $ алдап кеткен адам Оштон кармалды
02.08.2023 | 17:53
Өзбекстанда мекендешин 158 миң долларга алдап кеткен делип издөөгө алынган жаран Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү 41 жаштагы П.Ф. аттуу Өзбекстандын жараны. Ал 2022-жылы 21-октябрда мекендешине курулуш иштери үчүн арматура алып берем деп 158 миң доллар алып, изин жашыпы кеткен.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү издөөгө алынган.
Издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны Ош шаарынан милиция тарабынан колго түшүрүлгөн. Учурда аны Өзбекстанга өткөрүп берүү маселеси каралууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз