Улуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМанас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөтЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырдыБишкекте 5 миң жумуш орду сунушталган кесиптер жарманкеси өтөтЫсык-Көлдүн түбүнөн бир чакырымдан ашык браконьердик тор чыгарылдыОшто 100 жумуш орундуу кондитердик цех ачылды
2024-жылы чет элдик тасмалар кыргызча субтитр менен көрсөтүлө баштайт
22.09.2023 | 09:40
2024-жылдын жазынан тарта Кыргызстандагы кинотеатрларда чет элдик тасмалар кыргызча субтитрлер менен көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборборунан директору Талантбек Төлөбеков билдирди.
Белгилүү болгондой, аталган борбор чет элдик тасмалардын ири дистрибьюторлору менен тиешелүү макулдашууга жетишкен.
Төлөбеков чет элдик тасмаларды субтитрдин коштоосунда көрсөтүү, аталган тасмаларды кыргызча үн коштоого өткөрүүгө жасалган биринчи аракеттер.
“Баштапкы этапта эң ылайыктуу тандоо – субтитр менен коштоо. Себеби дубляж жана синхрондуу котормо чоң бюджетти талап кылат”, – дейт ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз