Кыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептериКыргызстан Дүйнөлүк банкты ак илбирсти коргоого жана 2027-жылкы тоо саммитине даярдык көрүүгө чакырдыБаткенде эркек киши аялын бычактап, андан кийин өзү асынып каза болдуКыргызстанда мугалимдердин айлыгы эки эсе көтөрүлдү — кенен маалыматТоктогул суу сактагычынан 12 миң метр синтетикалык тор чыгарылдыБишкекте хоккей боюнча Азия Кубогу башталат
Теңгиз Бөлтүрүктүн мүлкү камоодон бошотулуп, өзүнө айыппул салынды
21.11.2023 | 17:52
«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн мүлкүнө салынган камоо алынат. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту чечим кабыл алды.
Ал Кылмыш-Жаза кодексинин 247-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ага 800 миң сом эсебинде айыппул салынды.
Эскерте кетсек, былтыр сентябрь айында Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган.
Ал 30-апрелде үй камагына чыгарылган.
Ага коррупция беренеси менен иш козголуп, мамлекетке 1 млрд 146,4 млн зыян келтирилгени аныкталган. Келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда 844 млн 512,8 миң сому Теңгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом