Жалал-Абадда өзү менен чогуу кызмат өтөгөн жигитти атып салган жоокер кармалды

Жалал-Абадда өзү менен чогуу кызмат өтөгөн жигитти атып салган жоокер кармалды

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында күзөттө туруп, өзү менен бирге кызмат өтөгөн жигитти атып салган жоокер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, 20-ноябрда болжол менен саат 06:10до Токтогул ГЭСтер каскадынын автобазасындагы №1 постто күзөттө турган 21 жаштагы Б.У. аттуу жоокер өзү менен чогуу кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы Т.С. аттуу жоокерди пикир келишпестиктен улам кызматтык куралы менен атып салган. Андан кийин ок атуучу куралы менен окуя болгон жерден качып кеткен.

Жоокер бүгүн, 21-ноябрда болжол менен саат 16:00до кармалган. Ал Кара-Көлдөгү турак үйлөрдүн биринин чатырында жашырынып жүргөн жеринен табылган. Сүйлөшүү жолу менен ал милициянын колуна түшүп берген. Качып кеткен жоокердин жанынан куралы да алынган.

Учурда кармалган жоокер Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>