Садыр Жапаров Минскке барат

Садыр Жапаров Минскке барат

Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сессия Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенконун төрагалыгында өтөт. Уюмдун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов ЖККУнун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча баяндама жасайт.

Жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулап, алдыда турган милдеттерди аныкташат, ошондой эле жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган бир катар документтерди кабыл алышат.

ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Беларустун уюмдагы төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып, Казакстан Республикасынын 2024-жылы боло турган төрагалыгынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча маалыматты угушат”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>