Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
2024-жылы январда 7 күн, мартта 4 күн катары менен эс алуу күтүлөт
30.11.2023 | 11:10
Кыргызстанда 2024-жылдын 1-январынан 7-январына чейин эс алуу күтүлөт. Бул боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги сунуштап жатат.
Ал 5 күндүк иш графиги менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык органдарга тиешелүү.
Министрлик Ноорузга карата дем алыш күнүн дагы белгиледи. Ал 21-март бейшемби күнгө туш келгендиктен, андан кийинки жума менен бирге 21-22-23-24-мартты эс алуу күнү катары жарыялоону сунуштайт.
Ал эми май айында майрамдарга карата жарандар катары менен 5 күн дем алышы мүмкүн.
Эмгек министрлиги Орозо айт менен Курман айттын күнүн дагы алдын-ала белгиледи. Бул диний майрамдар быйыл 10-апрелде жана 17-июнда өтүшү ыктымал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом