Самаркандек айылында 100,56 млн сомго жаңы оорукана салынды

Самаркандек айылында 100,56 млн сомго жаңы оорукана салынды

Баткендин Самаркандек айылында жаңы оорукана салынды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 75 орунга эсептелген оорукананы курууга 100,56 млн сом сарпталган. Акча президенттин фондунан бөлүнгөн. Оорукана керектүү эмеректер менен жабдылган.

Жаңы курулган оорукананы облус башчысы Абдикарим Алимбаев, Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев көрүп чыккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>