Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Кыргызстандын футбол курамасы Өзбекстанга 1:4 эсебинде жеңилди
26.12.2023 | 09:25
Кыргызстандын футбол курамасы жолдоштук беттеште Өзбекстанга 1:4 эсебинде жеңилди. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.
Оюн 25-декабрда Дубайдагы «Аль-Наср» стадионунда Азия кубогуна даярдык көрүү иретинде өткөрүлгөн. Кыргызстандын эсебиндеги жалгыз голду Бактияр Дүйшөбеков киргизген.
Эки кураманын алдын ала макулдашуусу боюнча беттеш жабык өткөрүлгөн.
Алдыда, 30-декабрда Кыргызстандын курамасы Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен оюн өткөрөт.