«Ош-Таатан» соода комплексинин аймагынан майнинг-ферма табылды

11.02.2020 | 15:38

Ош шарындагы «Ош-Таатан» соода комплексинин аймагынан мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма табылды.

“Ошэлектро” ишканасы билдиргендей, аталган жайга текшерүү Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Майнинг-ферманы кароодон өткөргөндө атайын орнотулган криптовалюта өндүрүүчү жабдуулар табылган. Ал эми кошуна бөлмөдө 1300 жайылып турган жабдуулар болгон.

Учурда “Ошэлектро” ишканасы майнинг-фермага электр энергиясын берүүнү токтотту.

Scroll to Top