Камчыбек Ташиевдин бир тууганы келтирилген чыгымды төлөгөндөн кийин үй камагына чыгарылдыАскат Алагөзөв: 30-июлдан 1-августка чейин Тамчы — Чолпон-Ата жолу жабылып туратКыргызстанда тигүүчүлөр жана селлерлер үчүн салык нөлгө түшүрүлүшү мүмкүнАйыл чарба министрлиги менен Италиянын FederUnacoma федерациясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту«Бишкек» ЭЭА Кытайда өкүлчүлүк ачып, кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койдуКиберчабуулдар жана маалыматтардын сыртка чыгып кетиши ВИЧтин алдын алууга жана дарылоого тоскоол болууда
Бишкекте мектептин жанынан карышкыр кармалды — видео
11.02.2020 | 15:56
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Бишкектеги №41 орто мектептин жанынан карышкыр кармашты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Республика көчөсүндөгү мектептин айланасында карышкыр жүргөндүгү тууралуу “102” аркылуу маалымат түшкөн.
“Милициянын кайгуул кызматынын ыкчам-тобу аталган жайга барып, карышкырды кармашкан. Жапайы жырткыч мамлекеттик экология техникалык инспекциясына өткөрүп берилет”, — деп жазылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар