28-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтБекешев көп кабаттуу үйлөрдү санарип башкарууну жана ТСЖнын чыгымдарын толук көзөмөлдөөнү сунуштоодоЖКда жаңы үйлөнүүчүлөрдү никеге чейин медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат — кенен маалыматМай майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөт
Депутат онлайн казинонун жарнамалаган блогерлерге чара көрүүнү сунуштады (видео)
15.01.2024 | 15:41
Instagram жана Tik-Tok социалдык тармагында блогерлер онлайн казинолорду жарнамалоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет, фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.
Эл өкүлү Аруужан Бекешеванын жарнамасына ишенип, акчасын уттуруп койгон жарандын катын окуп берди.
“Алар казино эмес, инстаграм аркылуу же онлайн акча табуу деп айтышат экен. Акчасын уттуруп, суицидке чейин баргандар бар. Соцтармактагы бирөөнүн посттун бөлүшкөндөр дагы жоопко тартылып жатат дагы эмнеге мындай жарнамаларга көңүл бөлүнбөйт?”, – деди Элвира Сурабалдиева.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом