Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, Сосновкадагы пост жабылды (видео)

Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, Сосновкадагы пост жабылды (видео)

Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымында — Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Чүйдүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кар көчкүгө байланыштуу Жайыл районунун Сосновка айылындагы Толкун-1 посту унаалар үчүн жол жабылган.

«Азыркы убакытта жол тазалоо мекемелери тарабынан жол тазалоо иштери жүрүп жатат, Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө», — деп айтылат маалымата.

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, кар көчкү болжол менен саат 13:50до түшкөн. Учурда алардын кызматкерлери жолду тазалоодо.

“Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 4000 куб метрди түзөт. Азыркы тапта Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду кардан тазалап жатышат”, — деп билдирет министрлик.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>