Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык келишим түзгөндөн кийин айына 40 миң сомго чейин киреше ала башташты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
«2022-жылдын жай айынан баштап «Социалдык келишим» программасына дээрлик 13 миңге жакын үй-бүлө катышып, алар республикалык бюджеттен 100 миң сомдон алышкан. Жалпы берилген сумма дээрлик 1,3 млрд сомду түзөт», — деп айтылат маалыматта.
«Социалдык келишим» программасынын катышуучуларынын аракети менен кошумча 18 миң жумуш оруну түзүлүп, 70 миңден ашуун адамдын жашоосу жакшырууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз