Жети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керекУКМК айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысын аныктады«Чекиш-Ата» базарында эркек киши ок чыгарды — жабыркаган адам барСадыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миңден ашык үй-бүлө батир алат26-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт
«Социалдык келишим» түзгөндөрдүн кирешеси айтылды
30.01.2024 | 21:28
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык келишим түзгөндөн кийин айына 40 миң сомго чейин киреше ала башташты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
«2022-жылдын жай айынан баштап “Социалдык келишим” программасына дээрлик 13 миңге жакын үй-бүлө катышып, алар республикалык бюджеттен 100 миң сомдон алышкан. Жалпы берилген сумма дээрлик 1,3 млрд сомду түзөт», – деп айтылат маалыматта.
“Социалдык келишим” программасынын катышуучуларынын аракети менен кошумча 18 миң жумуш оруну түзүлүп, 70 миңден ашуун адамдын жашоосу жакшырууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар