Нарын облусунда булгаарыны жана тыбытты кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Төрөбаевдин айтымында, андан тышкары жакынкы жылдары картошка сактоо, кездеме чыгаруу, сүт, мал этин, тоок этин өндүрүү жана дан азыктары тармактары сыяктуу 100 ири долбоор ишке ашырылат.