Бишкекте тургунду 6,3 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте тургунду 6,3 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 2022-жылы 19-августта милицияга А.С. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, ошол жылы 9-мартта бир жаранга (С.К.) курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөгү 3 бөлмөлүү батирди сата турган болгон. Анын баасы 6 млн 351 миң 86 сомду түзгөн. Сатып алып жаткан киши акчасын бөлүп төлөмөк. Бирок ал убадасын аткарбай, батирди башка бир адамдарга сатып, акчаны өз кызыкчылыгына коротуп салган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүнүн жүргөн жери аныкталбагандыгына байланыштуу ага айыбы сыртынан тагылып, сот аны камакка алуу чечимин чыгарган. Ошондой эле ага издөө жарыяланган.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү (47 жаштагы С.К.) быйыл 13-февралда кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда анын ушул сыяктуу алдамчылыктарга катыштыгы бар же жоктугун аныктоо иштери жүрүүдө.

Милиция шектүүрүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо, 0 (777) 77-44-33 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>