Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
Кыргызстандык спортчу ок атуу боюнча дүйнө кубогун утту
15.02.2024 | 23:19
Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Имандос Бектенов дүйнө кубогунда алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Спортчу ПП-60 версиясы боюнча катышып, жалпы 572 упай чогулткан.
Дүйнө кубогу жаштар жана чоңдор арасында Испаниянын Гранаде шаарында өтүүдө. Ага 48 өлкөдөн келген жалпы 400 спортчу катышууда.
Мелдеш 10-18-февраль күндөрү өтөт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт