Садыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылды
Кочкор, Ысык-Ата, Чүй райондоруна жаңы аким дайындалды
14.03.2024 | 19:00
Русланбек Тагаев Чүй облусунун Чүй районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал 2021-2023-жылдары Бишкектин Ленин районун жетектеген.
Нарын облусунун Кочкор районунун акими Алмазбек Аттокуров кызматынан бошотулуп, анын ордуна Камил Чоткараев дайындалды.
Эрмекбай Омошев Алмазбек Осмоновдун ордуна Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими болду. Ал мурун Сузак жана Кочкор райондорун жетектеген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом