Министрлик Бейшеналиевди «Черный хирург» деген депутатка жооп берди

Министрлик Бейшеналиевди «Черный хирург» деген депутатка жооп берди

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топко тиешеси жана анын «черный хирург” деген каймана аты бар экенин айтты.

«Кримтөбөл Рысбек Акматбаевди жана башка кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жашыруун операция кылып жүргөн. Бул министр болуп келгенден бери эле ооруканаларда эне-балдар өлүп жатат”, — деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, Алымкадыр Бейшеналиев 2000-жылы Ахунбаев клиникасында иштеп жатканда №47 колонияда жаткандарга операция жасаган, бирок Рысбек Акматбаевге эч качан медициналык жардам көрсөткөн эмес.

«Бейшеналиев Гиппократтын антына, кесипттик этикага ылайык бейтаптын социалдык статусуна, саясый көз карашына карабай жардам көрсөтүп келет», — дейт Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Мекеменин маалыматында, Жусупбек Коргонбай улуу өзүнүн таанышын оорукананын директорлугуна сунуштаган. Ага Алымкадыр Бейшеналиев макул болгон эмес.

«Андыктан сын ушуга байланыштуу болушу мүмкүн», — дейт мекеме.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>