АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Кочкор, Ысык-Ата, Чүй райондоруна жаңы аким дайындалды
14.03.2024 | 19:00
Русланбек Тагаев Чүй облусунун Чүй районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал 2021-2023-жылдары Бишкектин Ленин районун жетектеген.
Нарын облусунун Кочкор районунун акими Алмазбек Аттокуров кызматынан бошотулуп, анын ордуна Камил Чоткараев дайындалды.
Эрмекбай Омошев Алмазбек Осмоновдун ордуна Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими болду. Ал мурун Сузак жана Кочкор райондорун жетектеген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом