Мамлекеттик сыйлыктардын жана наамдардын саны кыскартылды — КР президенти мыйзамга кол койдуЖогорку Кеңеште чет элдик номерлүү унаалар менен Кыргызстанга кирүүнү кыргызстандыктар үчүн жеңилдетүү сунушталдыУКМК башчысы: Атайын кызматтардын, ИИМдин жана прокуратуранын ортосунда эч кандай тирешүү жок, катарларды биргелешип тазалоо жүрүп жататМай майрамдарында Кыргызстандагы КТБлар кандай тартипте иштейт?Депутат парламентте короолордогу шлагбаумдар жана үйдүн жанындагы жер тилкелери маселесин көтөрдү.Мирлан Жээнчороев ант берип, Жогорку Кеңештин депутаты болду
Кызыл-Кыяда соодагерлерди 600 миң сомго алдап кеткен шектүү кармалды
26.03.2024 | 17:46
Баткендин Кызыл-Кыя шаарында аял киши алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, кармалган аял шаардагы Таштемир-Ажы базарындагы соодагерлерден товар алып, “акчасын алып келип берем” деп алдап кеткен деп шектелүүдө. Алдамчылык фактылар быйыл январь-февраль айында болгон.
Аялдын үстүнөн милицияга 8 жаран арыз жазган. Бул факттар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Алданган адамдарга 600 миң сом зыян келтирилген.
Милиция бул ишке шектүү катары Жалал-Абаддын Аксы районунун 34 жаштагы У.М. аттуу тургунун кармады.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.