Бишкекте сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү ачылатТогузунчу талапкер: Амур Айба Медер президенттик шайлоого катышууга арыз берди«Яндекс Go» компаниясынын «Элдик гид» сынагына эмгектерди кабыл алуу 30-ноябрга чейин узартылдыЧолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылдыБишкекте өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына Кыргызстандын U-17 курамы аныкталдыОш электр тармактары ишканасынын кампа башчысы электр зымдарын сатууга шектелүүдө
Жалал-Абад шаарында акыркы согуш ардагери жерге берилди
26.03.2024 | 17:58
Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Сафин Гаффан жерге берилди. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Ардагер кечээ, 25-мартта 99 жашында дүйнө салган.
Сафин Гаффан Башкыр АССРинде туулган. Советтик Армиянын катарында 1943-жылдан тарта кызмат өтөгөн. Ал Жалал-Абадга 1954-жылы көчүп келген.
Ардагер Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы, “Германияны жеңүү” жана башка медалдар менен сыйланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом