КР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыяладыДамирбек Осмонов Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйт
Райымбек Матраимов Бакудан Бишкекке алынып келгени кабарланууда
26.03.2024 | 20:22
УКМК тарабынан издөөгө алынган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалганы кабарланууда.
Жергиликтүү ММКлар жазгандай, Матраимов Бакудан кармалып, Бишкекке алып келинди.
Ошондой эле анын бир тууганы Тилек Матраимов да Бишкекке алынып келген.
Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөө) боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү. Аны менен бирге ал издөөгө алынган.
Жакында эле УКМК Райымбек Матраимов Бакуда экенин жана аны кармоо боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом