Сот Мадумаровду эки иш боюнча күнөөлүү деп таап, бирок жаза чегерген жок

Сот Мадумаровду эки иш боюнча күнөөлүү деп таап, бирок жаза чегерген жок

Бүгүн, 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту камактагы саясатчы Адахан Мадумаровго өкүм чыгарды.

Райондук соттун маалыматы кызматы билдиргендей, Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) жана 338-берененин 3-бөлүгү (бийликтен аша чабуу) бонча күнөөлүү деп табылган. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага жаза берилген эмес.

Соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин Мадумаров камакта калтырылды.

Белгилей кетсек, Мадумаровго “бийликтен аша чабуу” беренеси менен козголгон иш, ал 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча (Төрт-Көчө боюнча) протоколго байланыштуу.

«Азаттык жазгандай», кылмыш иштин экинчиси — Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча «алдамчылык» беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев да шек саналып жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>