ЖКда жаңы үйлөнүүчүлөрдү никеге чейин медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат — кенен маалыматМай майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсү
Чолпон-Атада эки индиялык студент көлгө чөгүп каза болду
24.04.2024 | 15:23
Индиялык эки студент Ысык-Көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Окуя 21-апрелде Чолпон-Атадагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайында болгон. Бул тууралуу милицияга саат 13:00до маалымат түшкөн.
Жерине милиция кызматкерлери барып, каза болгондор 20 жана 19 жаштагы Индиянын жарандары экенин, алар Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясында билим алганын аныктаган.
Милиция билдиргендей, көл жээгине эс алууга келген студенттер пирстен секирип, суудан чыга албай чөгүп кетишкен. Бул маалыматты алар менен чогуу эс алууга барган мекендештери тастыктаган.
Учурда аталган окуя милицияда каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Териштирүү иштери уланууда.