Кыргызстанда салык мыйзамдарына масштабдуу өзгөртүүлөр сунушталуудаКыргызстан Түркиянын TİKA уюму менен кызматташтыкты өнүктүрөтКРВИ жана эмдөө: Кыргызстандагы кырдаал тууралуу Мамэпидкөзөмөл департаментинен айтып бериштиОштогу бажылык тариздөө жайынан курал-жарак сакталган жашыруун жай табылдыАйтматов районунда 94 млн сомдук автобаза мамлекетке кайтарылдыОш шаарында калкы тейлөө жана унааларды каттоо бөлүмдөрү бир имаратта ачылды
Чолпон-Атада эки индиялык студент көлгө чөгүп каза болду
24.04.2024 | 15:23
Индиялык эки студент Ысык-Көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Окуя 21-апрелде Чолпон-Атадагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайында болгон. Бул тууралуу милицияга саат 13:00до маалымат түшкөн.
Жерине милиция кызматкерлери барып, каза болгондор 20 жана 19 жаштагы Индиянын жарандары экенин, алар Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясында билим алганын аныктаган.
Милиция билдиргендей, көл жээгине эс алууга келген студенттер пирстен секирип, суудан чыга албай чөгүп кетишкен. Бул маалыматты алар менен чогуу эс алууга барган мекендештери тастыктаган.
Учурда аталган окуя милицияда каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Териштирүү иштери уланууда.