Ошто техникумдун жетекчиси окуу жайдын жерин менчиктештирип, үй салып алган

Ошто техникумдун жетекчиси окуу жайдын жерин менчиктештирип, үй салып алган

Ош шаарында техникумдун жетекчиси мыйзамсыз менчиктештирип алган жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, А.С. аттуу жаран Ош айыл чарба техникумун жетектеп турганда, окуу жайга таандык 266 чарчы метр жерди мыйзамсыз менчиктештирип алган (дареги: Мухтар Нургазиев көчөсү №3). Кийин ал жерге 647,28 чарчы метр болгон 4 кабаттуу үй салган.

Текшерүү иштеринин жыйынтыгы менен аталган жаран 4 кабаттуу үй салынган жер тилкени мэриянын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Бул жер менен үй 50 млн 241,1 миң сомго бааланган.

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин аныктоо иштери уланып жатканын билдирди.

 

Атайын кызмат «жерди мамлекетке кайтарды» деген адам Сейитбек Аматов экени белгилүү. 2021-жылы журналист Ыдырыс Исаков Аматовдордун байлыгы тууралуу иликтөө жарыялап, анда аталган жер тууралуу да сөз болгон.

Сейитбек Аматов

Тэги: Ош УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>