Бишкекте терроризм менен экстремизмди алдын алуу боюнча конференция өттү

Бишкекте терроризм менен экстремизмди алдын алуу боюнча конференция өттү

Бишкекте терроризм менен экстремизмди алдын алуу боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Конференция «Терроризм жана экстремизм: Заманбап чакырыктар, коркунучтар жана Борбор Азиянын аймактык коопсуздугун камсыздоодогу саясий-укуктук аспектилер»  деген темада өттү.

Ага мамлекеттик органдардын жана укук коргоо түзүмдөрүнүн, илимий-изилдөө борборлорунун, эксперттик-аналитикалык түзүмдөрдүн, жогорку окуу жайлардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын кызматкерлери, Борбор Азиянын жана алыскы өлкөлөрдүн эксперттери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны ачкан ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов дүйнө жүзүндө эң башкы көйгөйлөрдүн бири болуп жаткан терроризм менен экстремизм маселесин алдын алууда, ага каршы күрөшүүдө укук коргоо органдарынын гана эмес, эл аралык уюмдардында ролун чоң экенин айтты.

Катышуучулар терроризмди, экстремизмди алдын алууда, ага каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыздоодо мамлекеттик органдардан сырткары, жарандык институттардын маанилүүлүгүнө токтолушуп, бирдиктүү иш алып баруу керектиги айтылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>