Ханзаада Рахим Ага Хан V Кыргызстанга келдиТоктогулда жаңыланган стадион ачылдыОш–Баткен–Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү ачылдыШашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөтКыргызстанда ID-паспортту кантип алууга болот? Жол-жобосуТокторбаев «Ош-Сити» компаниясынын жетекчилерин сыртка чыгарбоону сунуштады
4 айда жер аянттарын кеңейтүү жана басып алуу боюнча 29 учур катталды
23.05.2024 | 10:34
2024-жылдын январь-апрель айында жер тилкесине мыйзамсыз ээлик кылуу фактылары катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Мекеме ички иштер башкармалыктарына – 26, мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыктарына – 3 материал өткөрүп берди.
Ал эми 4 объект өзүлөрүнө тиешелүү жер аянттарынан чыгып кеткендиги аныкталып, эскертүү берилип, аталган жер аянттары өз калыбына келтирилди. Дагы 102 жаран кеңейтип алган жерлерин өз чектерине жылдырды.
Белгилей кетсек, жерди басып алуу аракеттери жаңы мыйзам жоболору менен катуу жазаланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом