«20 млн сом алып, алдап кеткен». Бишкекте алдамчылыкка шектелген 2 аял кармалды

«20 млн сом алып, алдап кеткен». Бишкекте алдамчылыкка шектелген 2 аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген эки аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, быйыл 16-мартта милицияга аял киши арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, М.Ш. аттуу аял 2021-2024-жылдар аралыгында 20 млн сом акча алып, аны мамлекеттик сатып алуулар аркылуу тендер өткөрүп көбөйтүп берем деп алдап кетткен.

Аталган факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен иш козголгон. Шектүү катары 39 жаштагы М.Ш. жана 45 жаштагы М.А. аттуу аялдар кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда алардын ушул сыяктуу башка алдамчылык фактыларына катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0(502) 14-43-14, 0(704) 00-74-00, 0(502) 12-05-70 же 102 номерлеринин бирине кайрылуусун өтүнөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>