Кызыл-Омполду Ротшильддер иштетеби? Садыр Жапаров жооп берди

Кызыл-Омполду Ротшильддер иштетеби? Садыр Жапаров жооп берди

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ротшильддердин үй-бүлөсү Кыргызстандагы уранды иштетүүгө катыштыгы бар деп айткан чет элдик блогер Анастасия Ахметовага жооп берди.

Блогер Кызыл-Омпол уран кенин англиялык Ротшильддердин үй-бүлөсү кызыгуу артып, алардын кызыкчылыгын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коргоп жатканын айткан.

“Мамлекет алсырап дестабилизация болушун каалаган тышкы күчтөр толтура. Ошондуктан биздин ички иштерди өз кызыкчылыгы үчүн талдамыш болгондордун жетегине кирип сөздөрүнө ишенип кетпеңиздер. Кыргызстанда уранды байытуу иштери жүрбөйт. Аталган кенде урандын үлүшү 0,17%, калганы титано-магнетит. Ар кандай маалымат ишенбегиле, алданбагыла», — дейт Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңешке уранды иштетүү боюнча долбоор келип түшкөн.

Садыр Жапаров элди тынчсызданткан Кызыл-Омпол кени тууралуу суроолорго жооп берди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: уран

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>