МСК салык милдеттенмелеринин календарын сунуштадыАКШга окууга бара турган студенттер визалык депозит төлөөгө милдеттүү эмесКыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Албанияда өткөн рейтингдик турнирде алтын уттуЖогорку Кеңеште жыйындарга онлайн катышуу тутумун киргизүү жана комитеттердин аталыштарын кайра карап чыгуу сунушталдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министри болуп дайындалды. Президент кол койдуПрезидент Дамирбек Осмоновду саламаттык сактоо министри кылып дайындады
Өзгөндүн “Дөкү” каймана аттуу тургунуна издөө жарыяланды
27.05.2024 | 15:55
Өзгөн районунун тургуну Д.Ормоногов издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, “Дөкү” каймана аттуу жаран алдоо, коркутуу жана зомбулук көрсөтүп, жер махинацияларына байланыштуу мыйзамсыз иштерди жүргүзгөн. Ага каршы ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Д.Ормоновдон жабыркагандар болсо КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына же (03222) 7-00-09 телефон номуру аркылуу кайрылууга чакырабыз.
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал