Эмне үчүн доллар арзандап жатат? Адистин пикири

Эмне үчүн доллар арзандап жатат? Адистин пикири

Учурда Кыргызстанда доллардын улуттук валютага карата баасы арзандоодо. 27-майга карата өлкөнүн коммерциялык банктарында долларды сатып алуу 87,80 болсо, сатуу 88,30дун тегерегинде болууда. Доллардын арзандашы рынокто анын көлөмүнүн өсүшүнө байланыштуу. Бул тууралуу “Акчабарга” экономист, бизнес-пландоо боюнча эксперт Искендер Шаршеев билдирди.

Анын айтымында, доллардын наркынын төмөндөшүнүн үч себеби бар.

“Биринчиден, эл аралык Forex соода аянтчаларында доллар арзандоодо. Экинчиден, Кыргызстанда калк инфляциядан сактануу максатында сактаган акчаларын доллар түрүндө банктык депозиттерге салган. Мындан улам, доллар түрүндө банктардагы депозиттердин көлөмү өстү. Банктардын акчасы жылбай, эл насыяларды сом менен алууда. Калк насыяларды доллар менен алгандан качууда. Ошондуктан азыр банктар сомго абдан муктаж. Банктар Улуттук банктан кошумча эмиссия сурашууда. Улуттук банк дагы валюта рыногуна долларды саткан. Рынокто, майда акча алмаштыруучу жайларда доллардын саны көбөйүп кетти. Ошол долларларды сатыш керек болууда. Долларга болгон талап аз, сунуш көп болууда. Бул жагдай коңшу өлкөлөрдө да байкалгандай”, — деди ал.

Ошондой эле, Шаршеев насыяны сомдо алуу жана сомдо кайтаруу пайдалуу экендигин баса белгиледи. Муну ал насыя доллар менен алынса, доллар кымбаттап кетсе, жарандар көбүрөөк акча төлөп калары менен түшүндүрдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>