Кызыл-Аскерде подъездге кирип, эшиктерди карап жүргөн эркек кармалдыОш мэриясы кышка даяр — жол тазалоочу техникалар текшерилдиБетинде кан менен айтып берген. Милиция Ярослав Овсюктун «шеригин» таптыКыргызстан шаар куруунун жаңы багыттарын талкуулады — Азербайжанда эл аралык форум өттүСүйүүнү даңазалаган “Жамийла” мюзикли көрүүчүлөргө тартуулануудаБишкекте Борбор Азия жана Индия форматындагы коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусу өттү
Чүйдө 750 орундуу мектептин курулушу быйыл бүткөрүлөт
29.09.2024 | 14:34
Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы курулуп жаткан 750 орундуу мектепти текшерди.
Аталган ведомстводон билдиришкендей, объекттин курулуш иштери 2012-жылы башталып, 2019-жылдан бери токтоп турган. Бүгүнкү күндө инженердик коммуникацияларын текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин, курулуш иштери жандынып уланууда.
Буга чейин дубалы тургузулуп, терезелери орнотулуп, чатыры жабылган. Учурда имараттын ички курулуш жумуштары жүргүзүлүүдө. Быйыл жыл аягына чейин мектептин курулуштун толук бүткөрүү пландалып жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар