Гаджетке байланган балдар. Психолог ата-энелерге кеңеш айтты

Гаджетке байланган балдар. Психолог ата-энелерге кеңеш айтты

Балдар телефон тиктегенин койбогону аларда жагымдуу окуялардын аздыгынан кабар берет, деп эсептейт психолог, Aktion Education компаниясынын эксперти Александра Фокина. Ал үй-бүлөнүн жаш мүчөлөрүн гаджеттерден ажыратуу жолдору тууралуу «Lente.ru» басылмасына айтып берди.

Психолог белгилегендей, эгер бала «жандуу» баарлашууга караганда мультфильмдерди жана электрондук оюндарды көргөндү жактырса, анда ата-энелер баланы интернеттеги реалдуулуктан кайтаруу үчүн бир нече жөнөкөй ыкмаларды колдонуусу керек. Биринчиден, ал балдарды гаджет менен алек болбогон сайын мактап, мисалы, анын чыгармачылыгына суктанып, жагымдуу сөздөргө сараң болбоого кеңеш берет.

Фокинанын айтымында, ата-энелерге ыңгайлуу болгондуктан дагы балдар көп учурда электрондук аппараттарга жабышат.

«Ойлонуп көргүлө, балким, бала менен баарлашууга күчүңүз жетпей турганда же маанайыңыз жок болгондо ага гаджет берип кутуласыз” дейт адис.

Бул учурда ал ата-энелерге өз жүрүм-турумун өзгөртүүнү сунуштайт жана бул жаш балдарга да оң таасирин тийгизет деп эсептейт.

«Көбүнчө гаджеттер кызыктуу окуялар жок болгондо балдарга керек болот», — деп баса белгиледи эксперт.

Ошондуктан, ал аталарга жана энелерге балага жагымдуу эмоцияларды тартуулоону, мисалы, аны менен ойноону же эс алуунун жаңы вариантын сунуштоону сунуштады.

Эксперт ошондой эле ата-энелери үйдө жокто балдарды телефондон алаксыта турган адаттан тыш ыкманы атады. Ал аларга өтүнүчтөрү жана каалоолору жазылган жазууларды калтырууну сунуштады.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>