Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Чүйдө 750 орундуу мектептин курулушу быйыл бүткөрүлөт
29.09.2024 | 14:34
Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы курулуп жаткан 750 орундуу мектепти текшерди.
Аталган ведомстводон билдиришкендей, объекттин курулуш иштери 2012-жылы башталып, 2019-жылдан бери токтоп турган. Бүгүнкү күндө инженердик коммуникацияларын текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин, курулуш иштери жандынып уланууда.
Буга чейин дубалы тургузулуп, терезелери орнотулуп, чатыры жабылган. Учурда имараттын ички курулуш жумуштары жүргүзүлүүдө. Быйыл жыл аягына чейин мектептин курулуштун толук бүткөрүү пландалып жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар